• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бейшеналиев БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-июнунда Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору Татьяна Валоваяга ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттын жүрүшүндө А.Бейшеналиев Т.Валоваяга Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, өлкөдөгү акыркы саясий окуялар, анын ичинде КР Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн приоритеттүү милдеттер экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндө реформаларды ишке ашыруу болуп саналарын белгиледи.

Т.Валовая А.Бейшеналиевге Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, БУУ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мындан ары да кызматташууну улантат деп билдирди.

Жолугушуунун аягында туруктуу өкүл БУУнун Кыргызстанга ар кандай долбоорлордун жана программалардын алкагында, анын ичинде шайлоо процесстерин өткөрүүдө жана COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий