• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-февралда Бишкекке келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Лавров ошондой эле кыргыз кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугат. Эки тарап Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине даярдык көрүүнү талкуулашат.

Мындай тышкары Лавров Кыргыз-Орус-Славян университетинин студенттеринин алдына чыгып сөз сүйлөйт.

Эске салсак, Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити март айынын аягында болоору күтүлүүдө.

Лавров Кыргызстандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстанга барып, бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугат.

Пикир

Оставить комментарий