Россиянын Забайкалье аймагында жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Россиянын Забайкалье аймагында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыргызстандык каза болду.

КР ТИМдин билдирүүсүнө караганда, кырсык "Амур" федералдык автожолунун 574-чакырымында болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү учурда каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө.

Макрумдун сөөгү 2023-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга алып келинет.

Пикир

Оставить комментарий