• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Румынияда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 25.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Күн мурун Румынияда президенттик шайлоо үчүн добуш берүүнүн биринчи туру башталган. Бул тууралуу "РИА новости" маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, президенттикке 13 талапкер ат салышууда. Тизмеге киргендердин жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер жеңүүчү болот.

Эч бир талапкер жеңүү үчүн зарыл болгон 50+1% добуш ала албаса, 8-декабрда эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жашаган Румыниянын жарандары үч күн катары менен добуш беришет. 22-ноябрда алар үчүн шайлоо участкалары ачылган.

Пикир

Оставить комментарий