• 87
  • 90.41
  • 0.84

“РусГидро” Жогорку Нарын каскадынын ГЭСинин үлүшүн сатуу тууралуу оюн КРга айткан эмес

Экономика 0

Бишкек, 30.10.18. / Кабар/. “РусГидро” Жогорку Нарын каскадынын ГЭСинин үлүшүн сатуу тууралуу оюн расмий түрдө кыргыз тарапка билдирген эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун орун басары, Башкы дирекциянын мүчөсү Улан Орозоев билдирди.

Анын айтымында, “РусГидро” Кыргызстандын бийлигинен долбоорго жумшалган 37 миллион долларды кайтарып берүүсүн талап кылууда.

“Биз өзүбүз тараптан эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаганбыз. “РусГидронун” коротуулары таанылган учурда кыргыз тарап компенсациялайт. “РусГидро” бүгүнкү күндө мындай аудитке каршы жана аны жүргүзүүдөн карманууда. Алар өзүнүн короткон акчаларын компенсациялоону сурап, жумшалган акчаларды кайтарып берүүнү талап кылышууда”, - деди Орозоев.

Анын айтымында, россиялык тараптын доосу боюнча соттук процесс Гаага шаарынын сотунда каралышы керек.

“Россия тарап 50 пайыз акцияны кармоочу катары өзүнүн иш-чараларын өткөрүүгө укуктуу. “РусГидро” кечээ үлүшүн сатууну көздөп жатканын билдирди. Биз эч кандай реакция көрсөтө элекпиз, учурда бул маселени карап жатабыз”, - деди Орозоев.

Эске салсак, Жогорку Нарын каскадынын ГЭСин куруу 2012-жылы КР менен Россиянын макулдашуусунан кийин башталган.

“РусГидро” компанияга 37 миллион доллар жумшаганын айтууда.

Пикир

Оставить комментарий