• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Руслан Айтбаев Ала-Бука районунун активине тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган Руслан Айтбаев район активине тааныштырылды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы жетекчини президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов тааныштырды.

Улан Маматканов Ала-Бука району облустагы ири аймактардын бири экенин айтып, анда аткарылуучу жумуштар да арбындыгын белгиледи. Ошондой эле коюлган тапшырмаларды так аткаруу менен райондун өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ала-Бука районун Кайырбек Чаргынбаев жетектеп келген.

Айтбаев Руслан Маратович 1983-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Жогорку билимдүү:

- 2006-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн, кесиби боюнча экономист;

-2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги бонча “юрист” квалификациясына ээ болгон;

-2019-жылы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

-2008-2010-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун Өнөр-жай объектилерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2010-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясат башкармалыгынын Өнөр-жай техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2010-2013-жылдары Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун Күрөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Агро өнөр-жай комплекс гранттары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

-2013-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;

-2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;

-2016-2022-жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

-2022-жылдын март-октябрь айларында Жогорку Кеңештин аппаратынын адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

-2022-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий