• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Улан Ниязбековдун атынан милициянын жаш досу Бейшенбекке белек берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Ош облусунун милиция кызматкерлеринин саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Анда Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан милициянын ишмердүүлүгүнө кызыгып, милициянын формасын кийип жүргөн тогуз жаштагы Бейшенбек Эсеевге жаӊы жылдык майрамга карата белек катары уюлдук телефон тапшырылды.

Өткөн жумада Бейшенбек Эсеев ички иштер министрине кат жолдоп, мындай деп жазган. "Мен дагы Сиздерге кошоп келечекте милиция кызматкери болгум келет. Ата Мекениме кызмат кылгым келет. Мага ата-энем атайын форма да тиктирип берген. Мен азыр төртүнчү класста окуймун! Мени Ош облустук жана Ош шаардык милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Мен ар дайым милиция уюштурган иш-чараларга активдүү катышып келем. Милицияда иштегендердин баарына ийгиликтерди каалайм жана жаңы жылда министрдин акыл-насаатын, белегин алгым келет”.

Ош облустук милициясынын начальниги Жеңишбек Абитов Бейшенбек Эсеевге ички иштер министринин белегин тапшырып, министрдин каалоо-тилектерин жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий