• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы Россиянын 60ка жакын шаарында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы 11-апрелден тарта бүткүл Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тасма голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган.

Шаарлардын тизмеси: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Хабаровск, Иркутск, Ногинск, Красноярск, Красногорск, Пенза, Пермь, Ульяновск, Набережные Челны, Симферополь, Оренбург, Саратов, Южно-Сахалинск, Барнаул, Уфа, Самара, Якутск, Новый Уренгой, Балаково, Тольятти.

Новгородск облусу: Ессентуки, Иргаклы, Магас, Нефтекумск, Прохладный, Ставрополь, Терекли-Мектеб, Южно-Сухокумск, Астрахань, Улан-Удэ, Магнитогорск, Нижний Новгород, Успенское

Оренбург облусу: Абакан, Ступино, Волгоград, Воронеж, Ижевск, Краснодар, Сочи, Ставрополь, Сургут, Рыбинск, Казань, Тобольск, Махачкала, Хасавюрт, Электросталь, Каспийск, Елабуга, Черкесск, Адыгейск, Байконур.


Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан — 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялары менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.

Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.

Эне-баланын окуясын чагылдырган тасма 21-марттан тарта Казакстанда дагы көрсөтүлө баштаган. Андан тышкары, тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий