Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бийбосунов Руслан Мэлсович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгына ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.
Пикир
Оставить комментарий