• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Байланыш комитети жарандардын өздүгүн ырастоо жана санарип кол жазманы колдонуу боюнча бирдиктүү система түзүүдө - Догоев

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети жарандардын өздүгүн ырастоо жана санарип кол жазманы колдонуу боюнча бирдиктүү системаны түзүүдө. Бул тууралуу Комитеттин жетекчиси Дастан Догоев “Санарип жарандык: Санарип мен, санариптүү бол!” форумунда билдирди.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы, жарандардын документтерге кол коюусунда жарандын санарип электрондук кол тамгасын колдонуу боюнча платформаны ишке киргизди. Ал платформа электрондук кол жазманын баасын 8-9 эсе арзандатат”, - деди ал.

Догоев белгилегендей, бул система маалыматты коргоодо криптографиялык системаны колдонуу тармагындагы улуттук стандарттарга толук жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий