• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Валентина Шевченко өзү аяктаган №9 мектеп-гимназиясына барды

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Фетов менен чогуу күн мурун өзү аяктаган №9 мектеп-гимназиясына барды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларды Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, мугалимдер жана окуучулар тосуп алышкан. Аким Валентина Шевченкого муниципалдык администрациянын Ардак грамотасын тапшырды.

UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону өзүнүн мугалимдери, достору жана мектептеги кызыктуу эсте калган жаркын элестери жөнүндө айтып берген.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы курун алты ирет коргогон.

Пикир

Оставить комментарий