• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясында бир катар кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан ардагерлер дагы сыйлыктарга татыктуу болушту.

Аларга ИИМдин медаль, төш белгилери жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды. Кызматкерлердин жана ардагерлердин коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымдары белгиленди.

"70 жашка толгон ички иштер органдарынын ардагери Сүйүналы Абайдуллаевге ИИМдин “Кадырман” медалы, куттуктоо баракчасы тапшырылып, кыргыздын калпак, чепкени кийгизилди", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев сыйлык ээлерин куттуктап, ийгиликтер болуусун каалады. Мындан ары дагы кылмыштуулуктун алдын алууда жана катталган кылмыштардын бетин ачууда талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий