• 87.7
  • 95.05
  • 0.99

Руслан Казакбаев: Биз Түркия менен болгон жакын достук мамилебизди жогору баалайбыз

Саясат 0

1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССРинин Жогорку совети “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларацияны” кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү белгиленген.

1991-жылы 31-августта "Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын" негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Башкы мыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы "Кыргызстандын мамлекеттик эгемендиги жөнүндө Декларация жөнүндө" токтом кабыл алган.

Түркия Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болгон. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Кабар” маалымат агенттигине эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө айтып берди.

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Өткөн жылдар эки мамлекет үчүн маанилүү тарыхый мезгил болуп калды. Эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө кандай баа бересиз?

— Түркия Республикасы мындан 30 жыл мурун Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган мамлекет болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Биз Түркия менен акыркы отуз жылдын ичинде стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен жакын достук мамилебизди жогору баалайбыз. Бүгүнкү күндө үзгүлтүксүз саясий диалог соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө негиз түзүп, келишимдик-укуктук базаны бекемдеп жатканын терең канааттануу менен белгилейм.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин ички мазмунун жана духун чагылдырган фундаменталдуу документтер болуп 1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишим жана Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин 1999-жылдын 1-июлундагы «Кыргызстан жана Түркия: XXI кылымга бирге» биргелешкен билдирүүсү саналат.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук мамилелер 2011-жылдын апрель айында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңеш формасында бекитилген эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты стратегиялык деңгээлде жолго коюуга мүмкүндүк берди. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Анкарада эки мамлекеттин башчыларынын тең төрагалыгы астында бул Кеңештин 5-отуруму болуп өттү. Эки күчтүү өлкөнүн лидерлери тынымсыз диалогду кармап турушат. Кесиптешим Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен да үзгүлтүксүз түрдө жумушчу жолугушууларды өткөрүп турабыз.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээли көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында абдан активдүү чагылдырылган. Тараптар эл аралык күн тартибинин көптөгөн маселелери боюнча бирдей позицияны карманып, БУУнун институттарынын да, башка эл аралык структуралардын да шайлануучу органдарына бири-биринин талапкерлигин өз ара колдоого дайым даяр.

Кыргыз Республикасы менен Түркия эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ортого салууда. Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдар мамлекеттерибиздин түрк дүйнөсүндөгү өзгөчө ролунун жаркын көрүнүшү болуп саналат. Учурда Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Түрк тарап бул фонддун башкы кеңсесин Кыргыз Республикасынын аймагына жайгаштыруу боюнча биздин демилгебизди колдооодо, бул үчүн биз абдан ыраазыбыз.

Жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарга негизделген эки тараптуу байланыштарыбыз саясий деңгээл менен гана чектелбейт. Кыргыз жана түрк элдеринин илимий чөйрөдөгү, жеке сектордогу, социалдык тармактардагы карым-катнаштары күн өткөн сайын чыңдалууда. Руханий жактан жакын, дос, боордош элдер катары биз бири-бирибиз менен кубанычты да, кайгыны да тең бөлүшөбүз.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин биринчилерден болуп расмий Анкараны колдой тургандыгын билдирип, ТРнын мыйзамдуу шайланган мамлекеттик бийлик органдарын колдой тургандыгын жана демократиялык, эркин шайлоолордо шайланган жетекчиликти кулатуу үчүн аскердик күч колдонууну жол берилгис деп эсептей тургандыгын билдирген.

Ал эми 2021-жылдын апрель айында Түркия Республикасы биринчилерден болуп кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда талкаланган чек ара аймактарындагы инфраструктураны жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуштаган.

Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы экономикалык алакаларды кандай баалайсыз? Соода жана инвестиция тармагында кызматташууну мындан ары чыңдоонун кандай жолдорун көрөсүз?

— Кыргыз Республикасы менен Түркиянын соода-экономикалык чөйрөдөгү потенциалы абдан жогору. Өлкөбүз Түркияны эң маанилүү стратегиялык жана экономикалык өнөктөштөрдүн бири, ошондой эле Европа менен Батышка «дарбаза» катары карайт. Ошондой эле Кыргызстанды да 186 миллиондук рыногу менен Евразия экономикалык мейкиндигине (ЕАЭБ) «дарбаза» катары кароого болот.

50дөн ашык эл аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык ченемдик укуктук актылар биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин бекем пайдубалы болуп саналат. Ошондой эле, учурда бир катар башка эки тараптуу экономикалык документтердин долбоорлору тараптардын кароосунда турат, анын ичинде Бажы коридорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө протокол, Мамлекеттик чек арадан өткөн товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат менен алмашуу жөнүндө протокол ж.б.

Кыргыз-түрк экономикалык мамилелерин чыңдоого багытталган негизги инструмент болуп экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү саналат. Комиссияга бирдей шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Түркия Республикасынын Вице-президенти төрагалык кылат. Комиссиянын акыркы 10-отуруму ушул жылдын 10-сентябрында Бишкекте болуп өткөн. Азыр бул иш-чаранын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен иш-чаралар планынын 75тен ашык пунктун ишке ашыруу боюнча тиешелүү тыкыр жана системалуу иш жүрүп жатат. Жогоруда аталган пландын маанилүү пункттарынын бири эки тараптуу кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү болуп саналат, анын ишмердүүлүгү чоң социалдык жана экономикалык маанидеги ири инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталат.

Акыркы жылдары орун алган глобалдык пандемия, албетте, 2020-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизди. Бирок, жалпы дүйнөлүк экономикалык көйгөйлөргө карабастан, 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү өсүү тенденциясын көрсөтүп, 661 миллион долларды түздү. Бул жакшы көрсөткүч. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн карасак, Түркия алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет.

Кыргыз Республикасы менен Түркия болгон экономикалык потенциалды пайдалануу менен соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн мындан ары да көбөйтүүгө кызыкдар. Жакынкы аралыкта эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү, биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүү, инвестициянын көлөмүн кеңейтүү пландалууда. Мындай дымактуу максаттарды эки өлкөнүн президенттери өз ара макулдашуу боюнча койгон. Аларга жетишүү үчүн тоо-кен, энергетика жана текстиль өнөр жайы, фармацевтика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу бир катар тармактарда биздин өлкөлөр жетиштүү чечкиндүүлүккө жана али ишке аша элек мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Түркия Кыргызстандын экономикасынын негизги инвестору болуп саналат. 2021-жылдын январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрү боюнча Түркия 19% тике чет элдик инвестициялар үлүшү (321,2 миллион доллар) менен негизги инвестиция кылган өлкөлөрдүн арасында (Кытайдан кийин) экинчи орунда турат. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 360тан ашык түрк биргелешкен ишканасы бар, бул Кыргызстандын экономикасында иштеген биргелешкен ишканалардын 10% түзөт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган белгилүү факторлор бар. Экономикалык тыгыз кызматташуу, түрк тараптан ВСП+ менен аналогиялык преференцияларды алуу, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда кызматташуу байланыштарын түзүү, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны ЕБ өлкөлөрүнө экспорттоодо түрк инвесторлору тарабынан ВСП+ преференцияларын колдонуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн түрк компоненттеринен продукцияларды чогултуу боюнча ишканаларды түзүү, түрк инвестицияларын стимулдоо жана коргоо, миграциялык процесстерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мыйзамдык базаны унификациялоону камсыздоо Кыргыз Республикасынын экспорттук-инвестициялык потенциалын олуттуу бекемдөөгө жана товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү максатына жетишүүгө алып келиши мүмкүн.

Өзгөчө COVID-19 пандемиясынын шартында Түркия Республикасы менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин кандай баалайсыз?

— Маданий-гуманитардык, илимий жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү салттуу түрдө эки өлкөнүн кызматташтыгынын динамикалык багыттарынын бири болуп келген.

Заманыбыздын жаңы чакырыктары жана эл аралык мамилелер тармагындагы масштабдуу милдеттер ааламдашуу шартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды барган сайын маанилүү кылып жатканы айдан ачык. Заманбап коркунучтардын алдында маданий-гуманитардык диалогду түзүү боюнча жамааттык аракеттер өзгөчө мааниге ээ.

Ушуга байланыштуу министрлик тарабынан Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында ар кандай иш-чараларды уюштуруу аркылуу улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды, анын ичинде Кыргызстандын тарыхый инсандарын жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер өтө маанилүү ролду ойнойт.

Түрк өнөктөштөрүнүн көмөгү менен үч Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүү Кыргыз Республикасынын динамикалуу мамлекет катары имиджин бекемдөөгө өбөлгө түздү, ал туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн жана дүйнөнүн туристтик бурчуна айланган кооз өлкө катары таанылып келе жатат.

Ошону менен бирге, түрк тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында үч ДКО өткөрүүгө кошкон салымын эске алуу менен, Кыргыз тарап IV ДКОну Түркия Республикасынын аймагында Бурса шаарында өткөрүү укугун өткөрүп берди. Мындан тышкары, жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ДКО уюштуруу боюнча топтолгон эбегейсиз тажрыйбаны өткөрүп берет жана түрк боордошторубузга уюшютуруу маселелеринде ар тараптуу жардам көрсөтөт.

Маданият тармагында кызматташуу эки тараптуу деңгээлде да, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да ишке ашырылууда. Акыркы эки жылда бир катар иш-чара, атап айтканда, 20 түрк тилдүү өлкөнүн делегациялары катышкан «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019» жылынын ачылыш жана жабылыш аземдери, тарыхый инсан Курманжан Датканын жаркын элесине арналган «Биринчи айым – Азия генералы» кечеси өткөрүлдү.

Акыркы жылдарда кыргыз маданиятын даңазалоонун алкагында өткөрүлгөн орчундуу иш-чаралардын бири болуп Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетиндеги сейил бакта Ч.Айтматовго, ошондой эле кыргыз эпосунун каарманы Айкөл Манаска эстелик орнотуу саналат, иш-чарада КР Президенти С.Жапаров жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы М.Шентоп бул окуяга байланыштуу видеокайрылуу жасап, куттуктоолорун айтышты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө кол коюлган макулдашууну эске алуу менен, ошондой эле кыргыз маданиятын жана тилин илгерилетүү максатында кыргыз тарап Түркияда Кыргыз Республикасынын маданий борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Академиялык алмашуу механизми гуманитардык өлчөмдө кызматташууга олуттуу салым кошууда. Алсак, 2019-2020-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында 490 ТР жараны, анын 311и Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда билим көпүрөсү болуп калган «Манас» университетинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ЖОЖдорунда билим алган.

Түркиянын ЖОЖдорунда бюджеттик жана контракттык негизде 1792 студент, 19 курсант билим алууда.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын “Маариф” фондунун ортосундагы макулдашууга ылайык, 2021-жылы Кыргыз Республикасында фонддун биринчи мектеби ачылды. Түркия тарап бул мектептерде калктын социалдык аярлуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеңилдетилген квота берүү маселесин чечүүдө.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн Түркия Республикасы чыныгы бир тууган өлкө катары Кыргыз Республикасына пандемияга каршы күрөшүү үчүн ири көлөмдөгү каражаттарды, анын ичинде тест-системаларды, ЖКК, ар кандай медициналык жабдууларды, дары-дармектерди, 150 миң вакцина дозасын жана башкаларды жөнөттү. Ошондой эле түрк тарапты коронавирус инфекцияны жана COVID-19 белгилери бар пневмонияны дарылоонун актуалдуу протоколдору менен камсыз кылуу маселеси да иштелип чыкты.

2021-жылы Түрк өкмөтүнүн каражаттарына Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттиги тарабынан Бишкекте курулган Кыргыз-түрк достугунун ооруканасы иштей баштады.

Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде дарылоо гуманитардык кызматташтыктын маанилүү учуру болуп саналат. 2019-жылдын май айында протоколго кол коюлуп, ага ылайык квота жылына 100дөн 150гө чейин көбөйгөн. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын февраль айында түрк тарап кыргыз тарап менен гана эмес, башка чет мамлекеттер менен да бул Макулдашууну ишке ашырууну убактылуу токтоткон. Жакында квота берүү практикасы кайра жанданат деп ишенебиз.

Руслан Айтбаевич, менин акыркы суроом бар, аскердик-техникалык кызматташтыктын деңгээли, тактап айтканда, «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуу жаатында өз ара аракеттенүү максаттары тууралуу айтып берсеңиз, бул коңшу мамлекеттердин кооптонуусун жаратпайбы?

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык кыргыз-түрк мамилелеринин системасында маанилүү орунду ээлейт жана аны кеңейтүү жана бекемдөө үчүн чоң потенциалга ээ. Аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташуу алкагында 1993-жылдан бери Түркиянын түрдүү аскердик окуу жайларында үч жүздөн ашык офицер жана жүзгө жакын курсанттар даярдалган. Учурда ТРнын аскердик окуу жайларында Кыргыз Республикасынын 19 курсанты билим алууда. 2021-жылдын 29-июнунда ТРнын Улуттук коргоо министри Х.Акардын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыктын бардык актуалдуу маселелери талкууланган, жана бул иш сапар белгиленген багытта өз ара аракеттенүүнүн мындан ары жемиштүү өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Учкучсуз учуучу аппараттарга келсек, чындап эле 2021-жылы Кыргыз Республикасы мамлекеттик чек араны коргоо үчүн «Байрактар» учкучсуз аппараттарына ээ болду.

Трансулуттук кылмыштуу топтор жана диний экстремисттер тарабынан жаралган чакырыктар өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүгө мажбур кылууда.

Коңшулар менен чек ара маселелерине келсек, алар тынчтык, сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп ишенебиз. Биздин мамлекеттик чек аралар бөлүнбөй, ишеним менен кызматташтыктын чек арасына, достук чек арасына айланышы керек.

Мына ушуга байланыштуу ишеним жана достук атмосферасын түзүүгө позитивдүү таасир тийгизе ала турган конкреттүү чараларды ишке ашырууга көңүл буруу максатка ылайыктуу сыяктанат.

Биз жигердүү диалог жана туруктуу өнүгүүгө жалпы умтулуу аркылуу аймактагы бакубат коомду куруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек.

— Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз!

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий