• 87
  • 90.63
  • 0.79

Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу, өзгөчө аймактар аралык мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Боордош шаарлардын мамилелери боюнча мурда түзүлгөн келишимдин алкагында Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда элчи Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигеновдун шаарга иш сапары менен келүү боюнча расмий чакыруу катын тапшырды.

Өз кезегинде Э.Имамоглу чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларына келүү ниетин билдирди. Иш сапар экономикалык жана маданий ири иш-чаралар менен коштолору пландалууда.

Элчи Казакбаев Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин жетекчилиги астында экономиканы чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий