• 87
  • 90.41
  • 0.84

Руслан Суйналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Суйналиев Руслан Мырзабекович Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буйрукка 19-октябрда КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кечээ, 20-октябрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырды.

Руслан Суйналиев бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген. Салык кызматында 25 жылдан бери иштейт. Кызматтык карьеранын бардык тепкичтерин басып өткөн – катардагы инспектор, башкы инспектордон баштап МСКнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча бир катар аймактык башкармалыктарынын башчысынын орун басары жана башчысы кызматтарын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий