• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Рустенбеков дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Тажикстандын ТИМ башчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-февралында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө актуалдуу маселелер, эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо, ошондой эле чек ара жана аймактар аралык кызматташуу талкууланды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын чек ара боюнча ишин активдештирүү зарыл деген пикирге келишти.

Рустенбеков мамлекеттер ортосундагы чек ара линиясын аныктоонун аяктоосу чыңалууну басаңдатууга жана жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы чыр-чатактарды жана инциденттерди төмөндөтүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кыргыз-тажик кызматташтыгын арттырууга оң таасирин тийгизерин белгилеп кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап Ж. Рустенбековдун Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүн белгилеп, ошондой эле анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий