• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Казакбаев Словения ТИМнин мамлекеттик катчысы менен кызматташтыкты активдештирүүнү талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-мартында Анталья шаарында Дипломатиялык форумдун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Станислав Рашчан менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Бул максатта тараптар ТИМ аралык консультацияларды жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты.

Министр Р. Казакбаев экономикалык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, атап айтканда, Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жана экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кыргыз тарап кол коюуга даяр экендигин билдирди.

Мамлекеттик катчы С. Рашчан 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Европа Биримдиги-Борбордук Азия биринчи экономикалык форумун ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, эки региондун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстандын ролун баса белгилеп, бул форматтын мындан ары да улана тургандыгына ишеничин билдирди.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү өз ара аракеттенүү белгиленди. Тараптар көп тараптуу аянтчаларда өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантуу багытын ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын, анын ичинде Украинада болуп жаткан окуялардын учурдагы өнүгүүсүн талкуулашты. Министр Казакбаев Кыргызстанда Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө чочулоо жана кооптонуу менен көз салып жатышканын белгиледи.

Кыргызстан жаңжалды тынч жолу менен жөнгө салуу боюнча Россия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү процесси башталганын колдорун жана тараптардын, биринчи кезекте, атышууну токтотууга жана кризистен чыгууга өбөлгө түзгөн өз ара ыңгайлуу чечимдерге тез арада жетишине кызыкдар экенин баса белгиледи. Кандай гана кагылышуу болбосун аны саясий-дипломатиялык каражаттар менен, анын ичинде, эгерде мурдагы ыкмалар иштебей калса, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен чечүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап бул багытта кандай гана болбосун ортомчулук аракеттерди колдорун билдирди жана зарыл болсо тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий