• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия Кыргызстандын экономикасына жардам көрсөтүүнү улантууда - Путин

Саясат 0

Москва, 20-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россия Кыргызстандын экономикасына жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарынын алкагында РФ президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, эки лидердин жолугушуусу туруктуу мүнөзгө ээ.

“Жолугушуубузга кубанычтамын. Алмазбек Атамбаев Россияга көп келип турат. Бул жолку сапар – мамлекеттик статусуна ээ. Ал быйылкы жылы дипломатиялык мамилелерибиздин түзүлгөнүнө 25 жыл толушу менен маанилүү. Чейрек кылымдын аралыгында кызматташуубуз бардык багыттарда бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен өнүгүп келди. Ошентип, стратегиялык мүнөзгө ээ болду”, - деп белгиледи ал.

Путин 20-июнда Атамбаев экөөнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөр достук жана конструктивдүү маанайда өткөнүн билдирди.

“Биз эки жактуу күн тартибинин маанилүү маселелерин талкууладык. Өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен ириде соода-экономикалык тармакта кызматташууну карадык. Дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу шарттаган сооданын түшүүсүн жеңе алганыбызды канааттануу менен белгилейбиз. 2017-жылдын биринчи кварталында эки тараптуу товар айлантуунун көлөмү 23%га өскөн, ошол эле учурда россиялык экспорт 24%га, Кыргызстандан импорттоо 15%га өстү. Республика үчүн маанилүү азык-түлүк сыяктуу товарларды ташуу 2,5 эсе өстү”, - деди ал.

Россиянын президенти РФ Кыргызстандын экономикасына жардам бере тургандыгын баса белгиледи. Ал Россия уставдык капиталына 500 млн доллар салган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатканын айтты.

Фонд тарабынан 28 ири долбоор каржыланып, 700 гө жакыны чакан жана орто ишкерликти колдоонун алкагында жалпы суммасы 250 млн долларга коммерциялык банктар тарабынан аккредиттелген.

“Мындан тышкары, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине россиялык тараптан жыл сайын 30 млн доллар берилет. 2012-жылдан тарта, мындай гранттардын суммасы 255 млн долларды түзгөн. Россия тарабынан дагы 200 млн доллар Кыргызстандын экономикасын Евразия экономикалык бирлигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максаттарына бөлүндү”, - деп кошумчалады Россиянын президенти.

Путин ошондой эле, Кыргызстанга маанилүү инвестициялар россиялык коммерциялык түзүмдөрдөн түшөрүн белгиледи. Алсак, кыргыз газ тутумун модернизациялоого Газпромдун салымы 100 млрд рубль өлчөмүндө болду. РФ аймагында иштеген кыргызстандыктардын акча которуулары республиканын экономикасына зор салым кошот.

“Өткөн жылы мындай которуулардын көлөмү 20%ды түзүп, дээрлик 2 млрд долларды же кыргыз ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында бул которуулар 67%га өстү. Кыргыз жарандарына ишке орношуу, медициналык жана социалдык жардамдарды алуу шарттары түзүлүүдө”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий