Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда эң көп каражат билим берүү тармагына бөлүнөт. Бул тууралуу “Билим берүү жана санариптештирүү: кадр даярдоонун пайдубалы” илимий-практикалык конференцияда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
Анын айтымында, ал орто эсеп менен ички дүң өнүмдүн 7 пайызын же мамлекеттик бюджеттин 23 пайызын түзөт.
“Мисалы, ал 2021-жылы дээрлик 40 млрд сомго жетти. Өлкөнүн бюджетине олуттуу басым жасап жаткан COVID-19 пандемиясынын шартында ресурстарды оптималдуу пайдалануу менен бирге, билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттарды башка жакка бурбоо зарыл. Мындай чаралар адамдык капиталды жакшыртууга, өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өсүшүнө, андан ары ырааттуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Адегенде эле “Кыргызстанда университеттердин көптүгү жогорку билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизеби-жокпу?” деген суроо туулат. Менимче, анын башкы себеби жогорку окуу жайларынын кирешелүү бизнес объектилеринин бири катары каралып калганында турат. Коомчулук арасында жогорку окуу жайларынын дипломуна болгон суроо-талаптын өсүшү билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүчү негизги факторлордун бири болуп калды. Муну эксперттер да белгилеп жатышат”, - дейт ал.
Касмамбетов ушу тапта Кыргызстанда баш-аягы 64 университет бар экенине токтолду.
“Ал эми калкынын саны Кыргызстандыкындай эле айрым өнүккөн өлкөлөрдө ондун тегеренгиндеги эле университет иш алпарат. Ошого карабастан, алардан айырмаланып, Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагында бирдиктүү система жок. Жогорку билим берүү түзүмү менен тутумун системалуу модернизациялоону камсыз кылуу боюнча комплекстүү саясат иштелип чыккан эмес. Мындай жагдай билим берүү тармагындагы суроо-талап менен сунуштун рыногунда башаламандыкты же дисбалансты жаратып жатат”, - деди ал.
Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, пандемия шартында элет жергесинде жашаган балдар кыйналып калды.
“Айрым бир артыкчылыктуу жактарына жана ыӊгайлуу шарттарына карабастан, санариптик билим берүүнү көмөкчү усул катары карасак болот. Азырынча андан башка арга жок, колдонулган программалар менен тематикалык сабак өтүү усулдарын жакшыртуу зарыл”, - деп айтат Касмамбетов.
Пикир
Оставить комментарий