• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сүйүнбек Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекеттик катчы коомдун маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө, аялдарга, үй-бүлөлөргө, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө кенен токтолду.

"Ал мамлекеттик органдардын, жарандардын жана коомдук институттардын маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарылдыгын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосуна да токтолду.

""Манас" - улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын энциклопедиясы, оозеки чыгармачылыктын туу чокусу", - деген мамлекеттик катчы, сөзүнүн аягында эмгек жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий