• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сүйүнбек Касмамбетов туу көтөрүү аземине эмне үчүн президент катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү аземине эмне үчүн президент Садыр Жапаров катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү.

"Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Пикир

Оставить комментарий