Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Сүйүнбек Усенов Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир кун мурун "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.
Ал бул убакытка чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын мурдагы директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча 253 миң 073 абонент бар.
Сүйүнбек Усеновдун эмгек ишмердүүлүгү:
2006 — «Жалалабатэлектро» ААК ОТП, инженер;
2006-2008 — Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы, МСРЗАИ, Электромонтёр;
2008-2009 — «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, башкы инженер;
2009-2010—«Жалалабатэлектро» ААК, директордун техникалык маселелер боюнча орун басары;
2010-2017— «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, башкы инженер;
2017-2022—«Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, начальник;
2022 — «Жалалабатэлектро» ААК, Ноокен РЭТи, жетекчинин электр энергиясын сатуу боюнча орун басары;
2022-2023— Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, башкы инженер;
Пикир
Оставить комментарий