• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сүйүнчү! Чүй облусунда төрт эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бугүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Медицина кызматкерлеринин маалыматына ылайык, төрөт операция жолу менен өттү.

29 жаштагы А.К. уул жана 3 кыз төрөдү: биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 2494 грамм, бою 48 см, экинчи төрөлгөн кыздын салмагы 2048 грамм, бою 46 см, үчүнчү төрөлгөн кыздын салмагы 2218 грамм, 46 см, төртүнчү төрөлгөн уулдун салмагы 2432 грамм, бою 48 см.

Дарыгерлердин айтымында, эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий