• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен Түркияда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн төрт боз үй жөнөтөт

Аймак 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Баткен облусу Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн төрт боз үй жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мындан сырткары, жер титирөөдөн жабыркагандарды колдоо максатында облустун бардык аймактарында марафондор уюштурулуп, акча каражат чогултуу, көмөк көрсөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер да бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышты. Баткен эли боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18 миң 342 адамга, жабыркагандардын саны 74 миң 242 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий