• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Сүйүнчү! Коргоо министрлигинин аскер кызматкери үч эмдүү болду

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын 36806 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Мирлан Дастан уулу үч эмдүү болду.

Министрликтен маалымдашкандай, 26 жаштагы Мирлан Дастан уулу 2017-2018 жылдары 36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери аскердик кызматын улантып келет.
Ал 2020-жылы жубайы Алмазбек кызы Нуриза менен баш кошуп, 2021-жылы Аманбай аттуу уулдуу болушкан.

12-октябрда жубайлардын үч перзенти – эки уул, бир кызы жарык дүйнөгө келди. Аларга Асел, Атай, Бакай деген ысымдар берилди.

Пикир

Оставить комментарий