• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте туруктуу жашаган жайы жок 70 адамга ысык тамак таратылды

Коом 0

Бишкек, 15.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бүгүн КР Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери жана ыктыярчылары туруктуу жашаган жайы жоктор үчүн калаадагы эки баш калкалоо жайына барып, 70 адамга ысык тамак таратты.

Маалыматка ылайык, акциянын жүрүшүндө туруктуу жашаган жайы жок адамдарга түшкү ысык тамак берилген.

Эске сала кетсек, Бишкекте кыш келгенге байланыштуу үй-жайы жок адамдар үчүн ноябрдан мартка чейин убактылуу баш калкалоо жайлар иштеп жатат. Аларда бир маал ысык тамак таратылат.

Свердлов районундагы убактылуу баш калкалоо жайы Фере 34-а көчөсүндө, ал эми Октябрь районунда 12-кичи райондо жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий