• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүйналиев: 2024-жылы Кыргызстанда бюджеттин жалпы кирешеси 378,4 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. 2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 млрд 437,9 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу парламент комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358 млрд 794,4 млн сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19 643,5 млн сомду же ИДПга карата 1,6%ды түзөт

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “КР 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Пикир

Оставить комментарий