• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Баходир Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда 2023-жылдын 9-11-ноябрь Кыргызстандын Өзбекстанда маданият күндөрүн өткөрүү, анын алкагында өтө турган иш-чараларды жана ага көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда ошондой эле маданият жана жаштар саясаты тармагындагы иш-чараларды алдыга жылдыруу боюнча эки тараптуу пикирлер айтылды.

Жолугушуу 2023-жылдын 14-октябрында Азербайджандын Шуша шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө түрк тилдүү мамлекеттердин кезектеги XL маданият министрлеринин Туруктуу кеңешмесинин алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий