• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сүлүктүдө “Арсенал” иш-чарасы өтүп, эки жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Баткендин Сүлүктү шаарында 22-25-ноябрда “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүлүктү шаарынын милиция кызматкерлери үч күн аралыгында үч топко бөлүнүп, шаар аймагындагы жарылуучу заттарды сактаган мекеме-ишканаларды, үйүндө курал сактаган мергенчилердин үйлөрүнө барып, курал-жарактардын сакталуу эрежелерин, жайларын жана алардын мөөнөттөрүн текшерип чыкты. Шаар аймагында алдын алуу иш-чарасында уурдалган курал-жарак, ок-дарылар аныкталган жок.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренесинин (“Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу”) негизинде эки жаранга айып пул салынып, актылар толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий