• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” рейди уланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд уланууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, 13-июнда башталган рейдге вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, аймактык башкармалыктардын башчылары катышууда.

Рейддин алкагында шаар көчөлөрүндө, базарларда тилемчилик кылгандардын жашаган үйлөрү текшерилип, эки лөлү тектүү жаран туруктуу жашаган аймагына кайтарылды.

Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Буга чейинки рейдде 30дай лөлү тектүү жаран Ош облусунун аймагына жеткирилген.

Алдыда шаардык мэрия тарабынан селсаяктарга, тилемчилерге түнкү жана күндүзгү рейддерди өткөрүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий