• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Сүлүктү шаарында "Бөрү" атайын багыттагы аскердик бөлүгү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Сүлүктү шаарында 2051 аскердик шаарчасын ачылыш аземине катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, "Бөрү" атайын багыттагы аскердик бөлүгү аскерлердин кызматы жана жашоосу үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев аскер шаарчасындагы бардык шарттар менен таанышып чыкты жана жеринен тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Алдыда бул "Бөрү" аскердик бөлүгүн дагы да максималдуу жакшыртуу аракеттери көрүлөөрүн айтты.

"Мамлекетибиздин чек арасынын бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылууда "Бөрү" атайын багыттагы аскерлерибиздин орду өзгөчө экенин бүт эли-журтубуз жакшы билет. Андыыктан, биз сиздерге керектүү болгон бардык аскердик каражаттар жана жашоо шарттар менен камсыз кыылууга милдеттүүбуз. Мекен чегин сактоодо сиздер тарабынан көрсөтүлгөн эрдик жана баатырдыкты биз ар бирибиз ар дайым унутпастан, баалап, барктайбыз.

Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, сиздерге жана жалпы чек арачыларга, аскерлерге жана жоокерлерибизге биз кам көрүүнү улантабыз. Сиздер тараптан болсо, Ата-Журтубуздун чек арасына бекем чеп болуп, өз милдеттериңерди берилгендик менен аткарып беришиңерге ишенебиз", - деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал "Бөрү" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курулган турак жайын да көрүп чыкты. Аскерлердин үй бүлөлүк жашоо шарттарын жакшыртуу ишине мындан ары да өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

"Бөрү" атайын багыттагы аскер шаарчасында аскердик штаб, ашкана, жатакана, спорт комплекси, мончо, эс алуу жайлары жана башка чек араны коргоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап каражаттар камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий