• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

СӨМ жарандар үчүн жаралып жаткан бюрократиялык тоскоолдуктар менен жигердүү күрөшүүдө

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги (СӨМ) жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында мамлекеттик сектордогу процесстерди жөнөкөйлөштүрүү боюнча иштерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар менен жүргүзгөн жигердүү саясатынын жыйынтыгында жарандар үчүн кагаз түрүндө маалымкат алуу түйшүгү жоюлууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү борборунун катышуучулары менен калкка мамлекеттик жана каржылык кызмат көрсөтүүдө бизнес-процесстерди оптимизациялоо үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүп келет. Кагаз маалымкаттарды талап кылган министрликтер жана ведомстволор арасында мониторинг жүргүзүлүүдө, андан тышкары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кагаз ресурстарын пайдаланууну азайтуу максатында ар бир ведомство жана уюм менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлүп, аларды кызмат көрсөтүүдө электрондук форматты колдонууга чакырган демилгелер сунушталып турат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жүргүзгөн иштин жыйынтыгы менен 2024-жылдын башында мамлекеттик органдар арасында маалымкаттарды сураган органдардын саны кыйла азайды. Статистика көрсөткөндөй, Калкты тейлөө борборлорунда ар кандай мамлекеттик органдар талап кылуучу жеке колдонуу үчүн берилген маалымкаттарга болгон суроо-талаптардын санынын азаюусу байкалууда. Эгерде 2023-жылдын аягында бул категория боюнча маалымкаттардын берилишинин саны 7 969 болсо, 2024-жылдын башында 5 525ке чейин азайды. Ал эми өткөн жылдын ушул убактысына салыштырганда 2 444 маалымкатка аз.

Калкка кызмат көрсөтүүчү кызматтарга болгон мониторинге ылайык, 2024-жылдын башында бардык Калкты тейлөө борборлорундагы маалымкаттар боюнча билдирмелерди иштеп чыгуунун саны 8 840 түздү. Бул 2023-жылга караганда 10 482 билдирмеге аз. Анализ көрсөткөндөй, Бишкектеги жана өлкөнүн аймактарындагы Калкты каттоо борборлорунда жарандардан келип түшкөн кайрылуулар кыйла азайды.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумунун ишке киргизилиши бардык катышуучулар ортосунда толук кандуу түрдө маалымат алмашуусун камсыздайт. Муну менен мамлекеттик органдар, банктар маалымат алуу үчүн жарандардан убара болуп сурабастан, автоматтык түрдө тутумдан эле маалымат ала алышат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү шарттарды жакшыртуу жана бюрократиялык процедураларды азайтуу боюнча мамлекеттик органдар менен болгон алгылыктуу ишин улантат.

Пикир

Оставить комментарий