• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Айыл чарба министрлиги өсүмдүктөрдү үшүк келгенге чейин суугаруунун пайдалары менен бөлүштү

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга өсүмдүктөрдү үшүк келгенге чейин суугарып алууну сунуштайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анткени, күз кургак жана жаан-чачын аз болгон учурда акыркы нымдуулукту кармап туруу үчүн сугаруунун мааниси бир нече эсе жогорулайт.

Өсүмдүктөрдү кыш алдында сугаруунун пайдалары:

  • топуракта пайда болгон нымдуулуктун запасы дарактарга жана бадалдарга кургакчылыктан жапа чекпөөгө мүмкүндүк берет, бул алардын чыдамдуулугун кыйла жогорулатат;
  • кургак жер нымдалган жерге караганда көбүрөөк тоңот;
  • эгерде кышта кар аз жааса, анда топурактын нымдуулугу тамырларды үшүктөн сактап турат;
  • топурактын жогорку нымдуулугу жерде кыштаган бакча зыянкечтерине каршы күрөшүүдө жакшы каражат.

Ошондой эле сугаруу эффективдүү болушу үчүн, өсүмдүктүн жашын эске алуу керек.

Пикир

Оставить комментарий