• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Үсөнбаев: Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 32 бала дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 32 бала дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруканага Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун филиалынан да балдар которулган.

"Балдарда оору жеңил клиникалык түрдө өтүп, оор абалда жаткандары жок. Алардын ден соолугуна коркунуч жаралган жок", - дейт Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий