• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 5 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 116

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

"Катталган 5 жаңы учурдун ичинен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам бар", - деп кошумчалады ал.

Мамбетов билдиргендей, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгон.

Эске сала кетсек, күн мурун, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталган болчу. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен беш адам коронавирустан айыгып чыккандыгы кабарланды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий