• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Сөз эркиндиги менен сөздүн жоопкерчилиги карама-каршы түшүнүктөр эмес – Нуракун уулу

Аналитика 0

Борбор Азия медиа фондунун негиздөөчүсү, санарип коммуникация боюнча тренер-окутуучу Ибраим Нуракун уулу акыркы эки жылдан бери коомчулукта токтобой келе жаткан сөз эркиндиги жана сөздүн жоопкерчилиги тууралуу талаш талкуулар боюнча “Кабар” агенттигине өз көз карашын билдирип, пикири менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө маалымат таратууда интернеттин, айрыкча социалдык тармактардын мааниси эселеп өскөнүн, учурда салттуу медиадагы журналистика менен социалдык тармактардагы блогерчиликтин ортосундагы айырма чоң экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле Ибраим Нуракун уулу Кыргызстанда сөздүн жоопкерчилигин күчөткөн, бирок ошол эле маалда жалган эмес, текшерилген, фактыларга, терең иликтөөлөргө, кесипкөйлүккө негизделген журналистиканы колдогон саясат, иш-чаралар жана мыйзамдар шашылыш түрдө керек болуп жатканын айтты.

Акыркы эки жылдан бери коомчулугубузда сөз эркиндиги жана сөздүн жоопкерчилиги тууралуу талаш талкуулар токтобой келе жатат. Сөз эркиндигин колдогон тараптар Кыргызстандагы ар бир атуул өзүнүн оюн ачык билдирүүгө укуктуу деп эсептейт. Ал эми сөздүн жоопкерчилиги тууралуу демилгелер былтыр ММК боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, быйыл болсо, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, башкача айтканда жалган жалаа боюнча деп таанылган мыйзам долбоорлорун сунуштоого алып келүүдө. ММК жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо медиа кызматкерлери тарабынан көптөгөн сын-пикирлер менен коштолгондон кийин президент Садыр Жапаровдун сунушу менен артка чакыртылып алынганы белгилүү.

Учурда ЖМК өкүлдөрү, атуулдук уюмдар жана юристтердин катышуусу менен талаштуу мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюшулу күтүлүп жатат. Ал эми жалган жалаа же Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2024-жылдын 25-июлунда ЖКнын сайтында коомдук талкууга жарыяланып, парламенттин сентябрь айында каралчу мыйзам долбоорлорунун календарлык планына кирген, жана жакында ЖКнын комитеттеринде кызуу талкууланып баштады.

Бул мыйзам долбоорунун ЖКнын сайтына жарыяланган негиздемесинде: “Ар кандай маалымат каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу таратылып жаткан мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактоо учурларына жетиштүү деңгээлде натыйжалуу жооп бербейт. Көпчүлүк учурлар күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте тарап жаткан мазактоо жана кемсинтүү жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн”, - деп жазылган.

Мыйзам долбоорунун сынчыларынын алдыңкы сабында “Адилет укуктук клиникасы” коомдук фонду жана “Медиа полиси институту” коомдук фонду турат. Бул уюмдардын көз карашы боюнча, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келери, ага ылайык эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн кылмыш куугунтугуна алынышы мүмкүн эместиги айтылат. Андан тышкары, жарандын же юридикалык жактын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык сот тартибинде ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жалаа жабуу жана мазактоо боюнча иштерди кароо аталган мамлекеттик органдын милдеттерине ылайык келбейт, - деп белгилешет. Буга кошучма “мыйзам долбоорундагы жалган жалаа үчүн айып пулдардын өлчөмү жеке тараптарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом деп белгиленгени дагы, “аша чапкандык” катары мүнөздөлгөн. Ошондон улам, бул эки уюм Министрлер кабинетин аталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууга үндөшүүдө. Башкача айтканда, атайылап жалган жалаа таратуу боюнча жоопкерчиликтер буга чейин эле бар, ал Граждандык кодексте жазылган жана жазанын өлчөмү сот тарабынан гана аныкталат, деген аргументти карманышууда.

Медиа айдыңында иштеп жүргөн кызматкерлерге да мындай талаш-талкуулардын жыйынтыгы кандай болору абдан кызык. Чынында эле соңку жылдары маалымат таратууда интернеттин, айрыкча социалдык тармактардын мааниси эселеп өстү. Учурда салттуу медиадагы журналистика менен социалдык тармактардагы блогерчиликтин ортосундагы айырма чоң. Калктын калың катмары күнүмдүк маалыматты мурдагыдай гезит-журнал, радио, ТВдан албастан, социалдык тармактардан – Фейсбук, Инстаграм, ТикТок, телеграм каналдардан, вотсапп группалардан алышууда. Айрым блогерлердин социалдык баракчаларындагы жазылуучулары өлкөбүздөгү олуттуу медиа компаниялардан эселеп артып турган убагы. Мындай тенденция бир гана Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда болуп жатат. Азыркы интернет доорунда шайлоо учурунда атаандашкан тараптар бири-бирин атайылап каралап коюуга, же болбосо, деструктивдүү күчтөр мамлекеттин ичинде атайылап кооптуу кырдаал жаратууга оңой шарттар түзүлүп калды. Технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдаланып, фейк, дипфейктерди жаратып, эски сүрөттөрдү жаңы сүрөттөй, эски видеолорду жаңы – бүгүн эле тартылган видеодой кылып монтаждап коюу, же башка өлкөлөрдө болуп өткөн жаман окуяларды атайын бурмалап, биздин мамлекеттин ичинде болуп жаткан окуядай кылып көрсөтүү аракеттери көп эле катталып келет.

Андан тышкары, улуттар аралык кастык, расалык кастык, диндер аралык кастыкты ойготкон, мамлекеттер аралык кастыкты атайылап козгогон көрүнүштөр да аз эмес. Интернет желесиндеги жеке тараптардын, бири-бири менен соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан тараптардын, бизнес кызыкчылыктары, же саясий көз караштары дал келбей калган тараптардын бири-бирин атайылап каралоого жол берип жаткандарына дагы күбө болуп жүрөбүз. Анын ичинде, эч кандай себеби жок эле, бири-бирин такыр тааныбаган жактардын деле социалдык тармактардагы пикири, же посту, же сүрөтү, же өң-келбети, же сүйлөгөнү жакпай калып, кемсинткен, басынткан, чүнчүнткөн учурлары кеңири жайылган тенденция болуп калууда. Мындай учурларда, мыйзамга, журналистикалык этикага, ички редакциялык эрежелерге, профессионализмге таянган журналисттер жөн гана башын чайкап, маалымат айдыңындагы терс көрүнүштөрдүн аргасыз күбөсү катары гана четте калып калышууда.

Мамлекетибиздин ичинде маалымат коопсуздугуна тереңирээк көңүл бурууга глобалдык чакырыктар дагы негизги себептердин бири болуп жаткан сыяктуу. Акыркы 10-15-жылдын ичинде дүйнө жүзү көптөгөн мамлекеттер аралык конфликтилерге күбө болду. Анын ичинде Сириядагы согушту эле мисал келтирсек, дал ушул интернеттеги жалган маалымат, пропаганда, жетиштүү көзөмөлдүн жоктугунун айынан, ондогон, билким жүздөгөн кыргызстандыктар ИГИЛдин катарына азгырылып, тартылып кеткен учурлары болгон.

Андыктан, азыр бизге интернет айдыңындагы жалган жалаага, атайын таратылган жалган маалыматтарга бөгөт коюу керекпи? – деген суроого: “Мурда кийин болуп көрбөгөндөй муктаждык бар. Бул багытта министрлер кабинетинин аракети, демилгеси орундуу”, - деп айтуу негиздүү. Кыргызстанда сөздүн жоопкерчилигин күчөткөн, бирок ошол эле учурда, жалган эмес, текшерилген, фактыларга, терең иликтөөлөргө, кесипкөйлүккө негизделген журналистиканы колдогон саясат, иш-чаралар жана мыйзамдар шашылыш түрдө керек, - демекчимин.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, маалымат коопсуздугуна тиешелүү ушул жана башка мыйзамдарды сунуштаганда Маданият, маалымат жана спорт министрилигин жазалоочу орган эмес, интернет колдонуучуларды, блогерлерди, журналисттерди агартуучу, билимин, маданиятын жогорулатуучу мекеме катары кызмат кылуусун колдоор элем. Жогоруда сөз болуп жаткан мыйзам долбоорундагы “бул мыйзам күчүнө кирсе, кошумча чыгым керектелбейт” – деген сүйлөмүнүн да өзгөртүлүшүн күтөөр элем. Интернет айдыңындагы коомчулукту, блогерлерди, активдүү колдонуучуларды окутууга - медиа сабаттуулукка, маданияттуулукка, мекенчилдикке, атуулдук жоопкерчиликке окутууга, бул багытта массалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө акча-каражатты аябоо керек деген пикирдемин. Бизде бул багытта мамлекетке жардам бере алчу, жалпы массаны медиа сабаттуулукка үйрөтө алчу тажрыйбалуу, билимдүү журналисттер көп.

Өзүм да журналист катары бул багыттагы иш-аракеттер жана мыйзамдар биздин мамлекетке бүгүн эмес, кечээ эле, мындан 10-15 -жыл мурда эле керек болчу деп айта алам. Биздин мамлекет азыркы учурда “сөз эркидигин кысымга албастан, колдоого алган, ошол эле маалда сөздүн жоопкерчилигин күчөткөн” маалымат саясатына муктаж болуп тургандай. Ал эми аталган мыйзам долбоорунун башка мыйзамдарга, анын ичинде биздин Конституциябызга шайкеч келээр-келбестигин, жалган жалаа үчүн жеке тараптарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом дегендей айып пулдардын өлчөмүнүн орундуулугун, албетте, юристтер менен экономисттер өз-ара олтуруп такташып алганы оң.

Борбор Азия медиа фондунун негиздөөчүсү, санарип коммуникация боюнча тренер-окутуучу Ибрагим Нуракун уулу атайын "Кабар" агенттиги үчүн

Пикир

Оставить комментарий