Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.
“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.
Утуру – 1. Бет маңдайынан, алды жагынан. Алар Шилбилүүнүн белине чыгып калышканда, өздөрүнө утуру келе жатышкан эки жөө адам кездешти (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Улам-улам, кайра-кайра. Утуру жылып отуруп, Алымкул кыйраган карагайга жетти (Түгөлбай Сыдыкбеков).
Татык – 1. Даам. Бул кыз теңтуштарын көрсөтсө, алар жемиштин татыгын алышып, жабыла келишет го эми (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Өтмө мааниде: бир нерсеге арзый тургандык, жарай турган, баалуулук. Сынчыдан чыга берет сөздүн курчу, татыгы сыналганча жете турган (Аалы Токомбаев).
Соорун – 1. Улак тартышта той-тамашаны, ашты уюштурган тараптан атайын бөлүнгөн байге, мөрөй. Сүрүлгөн атка соорун жок. Укпай калдым дебегиле, чечип таштагыла эмитен күлүктөрдүн чылбырын (Төлөгөн Касымбеков). 2. Согуштан же аңчылыктан олжо таап келе жатканда алдынан чыгып калган адамдын ошо олжонун бир бөлүгүнө акысы бар болуу.
Сарпай – 1. Сыйлуу адамга (конокко, куда-кудагыйларга ж.б.) кийгизген кийим. Сарпайдан үч жүз тон болду (“Манас” эпосу). Тойго келген кудаларга сарпай кийгизишти. Сагызган учпас сап токой, сарпайын жүктөйт бир ногой (“Эл адабияты). 2. Кооздолгон ат жабуу. Эгер Каныбекти кармап берсеңиз, сарпайылап ат мингизем (Касымалы Жантөшев). 3. Баалуу белек. Сый сарпай кимди гана кубандырбайт (Мелис Абакиров). 4. Өтмө мааниде: кандайдар бир нерсенин үстүнө жабылган жабуу. Коңур күздүн акыркы айы жаңырып, тоолор эчак кыш сарпайын жамынган.
Өрөпкү – жүрөгү көтөрүлүү, алеп-желеп болуу, толкундануу, алып учуу, ээлигүү. Жүрөгүнүн өрөпкүгөнү бая эле басылган (Түгөлбай Сыдыкбеков). Кулагы бирдемени чалып калса, аны ар кимдерге айта бергиси келип, өрөпкүп турган адамдар да болбой койбойт (Айткулу Убукеев).
Саадак – 1. Жебе (жаанын огу) салынуучу атайын кутуча, баштык. Кайыштан же калың кийизден жасалат – ооз жагы кең, түбү кууш келген, ичи көңдөй, жалпак куту түрүндө. Саадак менен бир бирин, отуз-кырк атып коюшуп (“Манас” эпосу). Саадакта огум түгөндү, күпсүрдө дарым күбүлдү (“Семетей” эпосу). 2. Жаа. Саадак тартуу. Саадактын огу шаркылдап, кылычтын баары жаркылдап (“Манас” эпосу).
Нөкөр – 1. Кандын, баатырдын, мансаптуу адамдын жардамчысы, кызматкери. Кызмат кылып туруучу нөкөр кылып алайын (Токтогул Сатылганов). 2. Кан кызынын, кээде аялынын кызматчы же жандап жүргөн кыз-келиндери. Сексен нөкөр сулуу кыз такыр кетип болуптур (“Эр Табылды”). 3. Жолдош, дос. 4. Өтмө мааниде: жубай, жар. 5. Кээде аскер маанисинде да айтыла берет. Ар бирөө он балбан өзүнө нөкөр алганы (“Манас” эпосу).
Муунчак – 1. Көбүнчө өсүмдүктүн сабагындагы, бутакчаларындагы муун-муун болуп бөлүнүп турган муунагы. Арпага окшош чыккан чөп экен, - деди. Аскар.. муунчактары да, өзөгү да, көгү да кадим арпадай (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Өз-өзүнчө түйүлгөн майда түйүнчөктөр. Андрей дагы бир топ шахтерлор болуп, муунчак, түйүнчөктөрүн алып Кожентке барышты (Саткын Сасыкбаев).
Мүлтүлдөк – 1. Кылтылдаган туруктуу эмес, өзгөрүп кетме. Молдоке, албайм мындай шариятыңызды! Ак адил, ыйык десем, ал деле мүлтүлдөк тура, деди Батийна (Түгөлбай Сыдыкбеков). Мында “болор бекен, болбос бекен” дегендей мүлтүлдөк, арсар кептин кереги жок (Мукай Элебаев). 2. Кылтың-култуңу көбүрөөк, ишин тымызын астыртан бүтүргөн, амалдуу, сыртынан ак ниет сыяктуу көрүнүмүш болгон митайым. Кадим өз милдетинен уялган кишиче, мүлтүлдөк аял атайы эле катуу улутунду (“Чалкан”). Мүлтүлдөк эки сөздүү тайгак адам (Тоголок Молдо).
Кыя – 1. Тоонун жантайган боору, тике болбой кыйгачтай кеткен эңкейиш. Аркар, кулжа кайберен, аралап бийик кыядан (Нуркамал Жетикашкаева). 2. Тике же түз эмес, кыйгач абал. Калый Малиновскийди кыя карап күбүрөдү (Саткын Сасыкбаев). Кыя салып өтөмүн Кыз-Жайлоонун кашынан (Тоголок Молдо).
Көбөөл – жардын, жээктин ж.б. үңүлүп, оюлуп кеткен жери, оюгу. Каныбек жарча зоонун алдындагы үңкүр сымал көбөөлгө кирди (Касымалы Жантөшев). Таштын көбөөлү гана кара болбосо, башка жердин бардыгын кар каптаган (Касымалы Жантөшев).
Жосун – 1. Элдин түшүнүгүнө, адамгерчиликке туура келүүчү жүрүш-туруш эрежелери, мамиле, кыял-жорук. Жолдош болсоң сен батыр, жосунуңду билербиз (“Манас” эпосу). Бегаалы жосуну жок иш кылды (Эсенканов). 2. Жорук менен бирдей. Ээ ботом, бул эмне деген шумдук жосунуң? (“Ала-Тоо” журналы). 3. Нук, бир нерсенин билинип турган элеси. Арыктын жосуну.
Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.
Пикир
Оставить комментарий