• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 191-чакырымында жеңил унаа жолдун боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Ага ылайык, Суусамыр өрөөнүндө "Мерседес-Спринтер" унаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган "Фура" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркаган (аты-жөнү такталууда). Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми, жабыркаган жарандар жолдо бараткан унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий