• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Сөз куржуну: мөрөй, оорук, сүңгү, үпчү, бүчү сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмуздактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле,кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Көйкөл – кооз, көркөм көрүнүштө болуу, жайкалуу, теңселүү. Көк асмандай көйкөлгөн, сулуулук биздин көлдө бар (Нуркамал Жетикашкаева). Шайыр көйкөлө басып, тамак-ашын иреттеп кое берди (Айткулу Убукеев). Пахта талаасы көйкөлүп, сонун көрүнөт (Насирдин Байтемиров).
  • Кулакчын – 1. Тумактын эки кулакты жаап туруш үчүн жаактын тушун карай түшүрүлүп кое турган бөлүгү. Аңгыча кулакчынын түшүрүп, Кабыл кирип келди (Шүкүрбек Бейшеналиев). Кычан кулакчынын мектептен чыкканда эле байлаган эмес (Шүкүрбек Бейшеналиев).
  • Мөрөй – 1. Жарышта, мелдеште уткандык, жеңишке ээ болгондук. "Кечириңиз, Жапар ага! Мөрөй сиздики, биз жеңилдик", - деди келиндер (Касымалы Баялинов). 2. Байге. Улуу элдик кайратыңды көрсөтүп, ушул жолку зор мөрөйдү уткула (Осмонкул Бөлөбалаев).
  • Оорук – 1. Калктын туруктуу жашаган негизги жери, туруктуу жашаган жай. Оорукка калар жер экен ("Манас" эпосу). 2. Жортуулда жүргөн, согушка аттанган колдун негизги бөлүгү жайгашкан жай. Чалгында калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? ("Манас" эпосу). 3. Тыныгуу жайы. Чоң үйдүн баары калыптыр, Анжиянга оорукка ("Манас" эпосу). 4. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.
  • Өлөң – 1. Саздак жерге өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп. Өлөң чөп маалым кылат жай мезгилин (Жоомарт Бөкөнбаев). 2. Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма, казак элинин ырынын аталышы, ыр. "Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың" дечү эле (Аалы Токомбаев). Ай четинде бир жылдыз, чолпончо бар, Жигит кетсе, кыямат болгончо бар. Кемпир кетсе, ак болот сынганча бар. Кыздар кетсе, кызыл гүл соолгончо бар (Элдик ыр).
  • Сүңгү – 1. Найза. 2. Найзанын жөнөкөй, алгачкы түрү – учуна болоттон жасалган учту кыйгак орнотулбаган найза же учталган узун катуу жыгач. 3. жер казуу, бир нерсени чукуу үчүн пайдаланылуучу учталган катуу жыгач же учуна учтуу темир бекитилген таякча. 4. Сууга кирип кетүү, чумкуп кирүү, аралап сүзүп жүрүү, бир нерсенин арасына кирип кетүү. Ар бир мүнөт алдастатып көңүлдү, сүңгүп деңиз тереңине киремин (Аалы Токомбаев).
  • Турман – кандайдыр нерсенин майда-чүйдө жабдуулары, жасалгалары. Кыргыздын чоң-чоң байлары аттын турмандарын кооздой турган жасалгаларды да көп сурашчу (Мамасалы Абдукаримов).
  • Умсун – 1. Үмүттөнүү, үмүт кылып кароо. Ата-энеси келди деп, умсунгандар болор (Касымалы Баялинов). 2. Үмүттөнгөн нерседен алданып калуу, көңүл калуу. Жигиттин кылчайбастан чыгып кетишине умсуна түштү.
  • Үпчү – 1. топчу, бүчүнүн ордуна колдонулган, сызмадан эшилген кооз жиптен, ичке булгаары сызмадан жасалып, кийимге кадалган бүчүлүк. 2. Кооздоого, жасалгалоого керектелүүчү нерсе: алтын, күмүш, шуру, мончок жана башкалар.
  • Бүчү – көбүнчө ич кийимдерге, жаздык капка жана башкага байланыштырып бүчүлөп коюу үчүн топчу ордуна колдонулуучу ичке боо. Көйнөгүнүн бүчүлөрүн чечти да, азга олтурду ой токтотуп, салкындап (Кубанычбек Маликов).
  • Белем – божомолдоп айтууга, ырастоодо колдонулат. "Чындыгында эле жаткан бир батыр белемсиң"! – деди Жаркын (Айткулу Убукеев). Артыкча Гулбарга жага бербей калды белем (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Жасат – 1. Дене, келбет, бүткөн бой. Чачың тал-тал жибектей, жасатың тарткан сүрөттөй (Тоголок Молдо). 2. Сөөк, өлүк. Жасатын көрдүм Лениндин, Жаркыган сарай өзүндө (Тоголок Молдо). Ошого катарлаш коюла баштаган алардын жасаты (Өскөн Даникеев).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий