• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЧЛ: "Реал" быйылкы сезондо алгачкы жолу каршылашын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын алкагында мадриддик "Реал" түркиялык "Галатасарай" командасы менен беттешти.

"Түрк Телеком Арена" стадионунда өткөн беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун 18-мүнөтүндө испаниялык клубдун жарым коргоочусу Тони Кроос узактан тепкен тобу голго айланып, "Реал" командасына жеңиш алып келди.

Чемпиондор лигасынын быйылкы сезонунда Реал Мадрид алгачкы жолу жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, "Реал" алгачкы оюнунда "ПСЖ" командасына 3:0 эсебинде жеңилсе, 2-турда "Брюгге" клубу менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Учурда А тайпасында орун алган испаниялык клуб бир жеңиши менен экинчи орунга көтөрүлдү. Ал эми "Галатасарай" 1 упайы менен тизменин акыркы орунуна төмөндөдү.

Чемпиондор лигасынын 3-турунда "Шахтер Донецк" менен "Динамо Загреб" (2:2), "Атлетико" менен "Байер" (1:0) жана "Манчестер Сити" менен "Аталанта" (5:1) командалары оюн өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий