• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Президент өлкө боюнча 29 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу пландалып жатканын айтты

Коом 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Өлкө боюнча 29 миңден ашуун ипотекалык батирлердин курулушу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, учурда Иш башкармалык тарабынан өлкө боюнча 12 миң 659 батирдин курулушу жүрүп жатат.

“Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасынын алкагында республика аймагында дагы 16 мин 351 батирдин курулушу башталды. Жалпысынан аталган программа боюнча 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий