Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси / Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Улукбек Марипов.
Пикир
Оставить комментарий