• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Садыр Жапаров Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине катышты

Президент 0


Бишкек, 07.11.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири болгон инсандын ишмердигин сүрөттөгөн "Элге арналган өмүр" көргөзмөсү менен таанышты.

Андан соң Садыр Жапаров Абсамат Масалиевдин ишмердиги тууралуу даректүү тасманы көрүп, куттуктоо сөзү менен чыгып, анда өткөөл мезгил кыйынчылыктарына карабай, Абсамат Масалиев Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгонун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошконун белгиледи.

Президент Абсамат Масалиев ар дайым элдин бакубат жашоо-турмушу үчүн кам көрүп, ак кызматын арнаганын баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий