• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Майрам 2017-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий