Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган мекендештерди сыйлоо аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу сыйлык ээлери!
Бүгүнкү салтанаттуу жыйыныбыздын кадырлуу меймандары!
Мен бүгүн сөзүмдү кечээ жакында эле 110 жылдык мааракеси белгиленген, өз заманынын Бакайы атыккан, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Адам баласынын өмүр өлчөмү өткөн күн, ичилген аш менен эмес, аткарылган иш, өтөлгөн милдет менен өлчөнгөнү жөн” деген сөзү менен баштагым келип олтурат.
Чындыгында эле адам баласынын эмгеги жашаган өмүрүнүн узактыгы менен эмес, Мекенине кылган ак кызматына, анын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымына, өзгөчө сиңирген эмгегине жараша бааланат эмеспи. Андай чыгаан эр-азаматтардын ысымдары, жасаган иштери муундан-муунга узун сабак болуп, аңыз кепке айланып айтыла берет. Эл оозунан түшпөйт, эсинде сакталат.
Өз мезгилинде өрнөктүү өмүрү, байсалдуу жолу, өтөгөн ак кызматы менен таанылган уул-кыздарыбыз азыр да биздин арабызда бар экендиги баарыбызды кубандырат. Ушундай мекенчил жана эмгекчил инсандарыбыз – кечээ эле 31 жылдыгы белгиленген Эгемендүү мамлекетибиздин кебелбес тиреги, жөлөгү жана бекем калканычы!
“Өсөөр эл өзүн сыйлайт” деген кеп бар элибизде. Ошондуктан, Ата Мекен, эл алдындагы ыйык парзын, өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жаткан замандаштарыбыздын эмгегин баалай, барктай билели.
“Алтынды дат баспайт” дегендей, албетте, мындай журт кадырлаган инсандарыбыз ансыз деле элдин сый-урматынын үстүндө. Биз болгону “Атын атаса – куту сүйүнөт” деп, мамлекет тарабынан белгиленген эң жогорку даражалуу сыйлыктар менен алардын эмгегин белгилөө милдетибизди аткарып жатабыз.
Себеби мамлекеттүүлүктү чыңдоого, элдин биримдигин бекемдөөгө салым кошкон эмгектери эл оозуна алынып, көпчүлүк атын атап, сый-урмат көрсөткөн инсандарды учурунда баалап-барктоо улуттук рухту даңктоого багытталган мамлекеттик саясат болуп эсептелет.
Алгач мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон инсандарыбызга токтолуп кетейин.
Журт аксакалы деген ардак наамды алып жүрүшкөн Апас Жумагулов менен Медеткан Шеримкулов агаларыбыздын аттары жамы кыргыз журтчулугуна эле эмес, КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттерге да кеңири белгилүү экенин жакшы билесиздер.
Эмгек жолун катардагы жумушчу болуп баштаган Апас Жумагулов аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде, элчилик кызматтарда узак жылдар бою үзүрлүү иштеген. Өзүн иштин көзүн билген мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алган.
Эки жолу Өкмөт башчысы болуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон. Апас Жумагулов кезегинде өлкө кризистик абалда турганда Өкмөт башына келип, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун таап, олуттуу экономикалык реформалардын башатында болгон. Ошентип өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алган.
Кыргызстандын тарыхындагы “легендарлуу парламент” атыккан Жогорку Кеңеш жөнүндө кеп болгондо, дароо Медеткан Шеримкуловичтин ысымы кошо айтылат. Чынында эле “легендарлуу парламент” легендарлуу иштерди жасаганы кыргыз элине маалым.
Мына ошол “легендарлуу парламенттин” депутаттары тарыхый чечимдерди кабыл алган. Медеткан Шеримкулович мезгил чакырыктарын туура баамдап, тарыхый чечимдердин демилгечиси, уюштуруучусу болгондугу менен, мыйзам чыгаруу органына төрагалык вазыйпасын эң жакшы өтөгөн чыгаан спикер катары элдин эсинде калып олтурат.
Мына ошондой күчтүү спикер башында турган “легендарлуу парламент” өлкөнүн Көз карандысыздык декларациясын, мамлекетибиздин символдорун кабыл берип, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды десек болот.
Урматуу калайык калк, жумурай журт!
Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты, ал кайгылуу окуялар менен да коштолуп кетти.
Бул ачуу чындык, бирок шибегени капка ката албагандай эле, бул чындыкты дагы жашыра албайбыз. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду.
Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жака бармак түгүл караандары да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт.
Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам.
Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт.
Мындан сырктары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктаймын.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эл арасында, “аттиң ушул инсандардын көзү өтүп кетсе дагы, эмгектери татыктуу бааланса” деп айтылган салмактуу, орундуу кептер көптөн бери жүрүп, атүгүл маал-маалы менен элден да сунуш-каттар тынбай келди.
Нарк күткөн кыргыз элибиз “Калк айтса, калп айтпайт” дейт. Мына ошондуктан, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу максатында өз мезгилинде Мекенине ак кызмат кылган инсандарыбыздын эмгегин баалап, жасаган опол тоодой ишмердүүлүктөрүн өздөрү жок болсо да татыктуу белгилөөнү туура көрдүк.
Коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев эмгек жолун катардагы ветеринардык врачтан баштап, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, андан кийин Министирлер Советтинин Төрагасы кызматы үзүрлүү аркалаган.
Анын Өзгөн районунун, Ысык-Көл облусунун экономикасын кантип көтөргөнү, эл турмушун кантип жакшыртканы тууралуу кептер азыр да айтылып, эскерилип келет. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы катары өлкөнүн кубаттуулугун көтөрүү боюнча жүргүзгөн зор уюштуруучулук иштери да жакшы белгилүү.
Дүйнөгө “Кыргыз керемети” деген ат менен атагы чыккан улуттук кино тармагыбыздын өнүгүшүнө салым кошкондордун сап башында таланттуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин ысымы аталат.
Бүгүнкү күндө анын кинофильмдерин көрбөгөн кыргызстандык болбосо керек. Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасы дүйнөлүк кино океанында азыр да сүзүп жүрөт. Анын башка бир катар кино тасмалары бүгүн да улуттук экраныбыздан түшө элек. “Бөрү зындан”, “Караш-караш окуясы” кинотасмалары мурдагы Советтер Союзунун алкагында эң көп кирешелүү тасмалар боюнча кинопрокатта рекорд койгонун айтсак, анын канчалык таланттуу экени даана көрүнөт.
Ошентип өмүрү кийинки муунга өрнөк болгон ысымдары аталган көрүнүктүү инсандарыбыздын эмгегин, тарых акыйкаттыгы үчүн, көздөрү өтүп кетсе дагы жогору баалап, аларга мамлекетибиздин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку сыйлыгын берип жатабыз.
Урматтуу мекендештер!
“Эл ичи – өнөр кенчи” дегендей, элибиздин арасында эмне деген өнөр адамдары, эмне деген чарбакер адамдар, колунда эми бар дарыгерлер, бүткүл өмүрүн балдарга арнаган педагогдор, экономиканы алга жылдырууга аракеттенген ишкерлер бар.
Бирок мындай адамдар эч убакта атак-даңкка умтулушпайт, мамлекеттик сыйлык деп умсунушпайт. Кадимки эл менен чогуу күн өткөрүп, жасаган ишинин майын чыгарып, ийгиликтерин элге тартуулап, адамдык сапатын аздектеп сактоого аракет кылышат.
Биз - өлкө жетекчилиги, эл куту, улут уңгусу болуп жүргөн, бирок атак-даңкка умтулбаган, адамдык улуу касиетке эгедер мындай инсандарыбызды өз убагында баалап-барктай билишибиз кажет!
Татыктуулар баркталып, эмгеги менен элге жаккандар бааланганда гана коомубузда бири-бирине болгон сый-урмат күчөйт, биримдик артат!
Элдин сый-урматына татыган эр-азаматтарыбыздын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана калктын бакубаттуулугун көтөрүүгө, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга, улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы көз жаздымда калбашы керек.
“Манас”, “Даңк” ордендери, “Эл артисти”, “Эмгек сиңиген ишмер” жана башка наам, сыйлыктар дал ушундай үзүрлүү эмгектери менен айырмаланган жарандарга дем берүү, эмгегин баалоо, кийинки муунга өрнөк болуусу үчүн уюштурулган. Демек, бул сыйлыктар өз ээлерин табышы абзел.
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарабызда “Дарак бир жерде көгөрөт” деп таамай айтылган кептегидей, өз кесибин ардактап, өмүр бою бир кесипти аркалап, анын өтөөсүнө чыккан дарыгерлер, өмүрүн билим берүүгө сайган чыныгы педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлери жана башка белгилүү инсандар отурат.
Дал ушул сыйлык ээлеринин тер төккөн мээнетинин аркасында Кыргызстаныбызда өнүгүү болуп жатат, өсүү болуп жатат.
Ар кыл тармак боюнча мамлекеттик сыйлыктарга арзыган татыктууларга өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуудагы каармандыгы, эрктүүлүгү, жигердүү аракети, Мекенине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Мен калган сыйлык ээлеринин аттарын тизмектеп отурбайын, куттуктоо сөзүмдөн кийин өзүңүздөргө белгилүү болот. Айтаарым, бүгүнкү сыйлык ээлери – заманыбыздын чыныгы каармандары, Мекенибиздин накта атуулдары.
Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу иш-чарабыздын катышуучулары!
Кымбаттуу сыйлык ээлери!
Тапшырылган мамлекеттик наамдар сиздердин мындан аркы ишмердигиңиздерге чек болуп калбасын. Талантыңыздарды ташка бүлөп, мындан кийин дагы өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн албан-албан ийгиликтерди жарата бересиздер деп бекем ишенем.
Алган сыйлыгыңыздарга жалпы кыргызстандыктар күбө болуу менен бирге силерге чоң жоопкерчилик, үмүт артып жатканын сезип турсаңыздар керек.
Алган сыйлыгыңыздар кут болсун!
Эл үчүн аркалаган кызматыңыздар жаңы-жаңы жетишкендиктер менен коштолсун!
Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошо турган мындан аркы ийгилигиңиздерге чогуу күбө бололу!
Бар болуңуздар!”.
Пикир
Оставить комментарий