• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Садыр Жапаров “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык жана социалдык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы билим берүү, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоого багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров социалдык жана билим берүү объектилерин курууда, ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда фонддун ишинин маанилүүлүгүн айтты.

Президент “Ас-Сафа борборунун” демилгелери менен миңдеген адамдардын жашоо шарты, өзгөчө айыл жерлеринде, кыйла жакшырып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Мохаммад Абдурахман Альшая фонддун демилгелерин ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, министрлер кабинети жана Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү кызматташуусуз долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ал “Ас-Сафа борбору” адамдардын, өзгөчө калктын аярлуу катмарындагы жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн мындан ары да күч-аракетин жумшай турганын айтып өттү.

Мохаммад Абдурахман Альшая ошондой эле фонддун коомду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук жана билим берүү программаларын кеңейтүүгө даярдыгын белгилеп, мамлекет менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий