• 87
  • 90.63
  • 0.79

Садыр Жапаров Ассамблеянын президенти жана GGGI кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Ассамблеянын президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту.

Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелери, ошондой эле инновациялык экологиялык технологияларды киргизүү жаатында кызматташуунун перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү, экосистемаларды сактоодогу, жашыл экономикага өтүүдөгү аракеттерди толугу менен колдой турганын жана Жашыл өсүү глобалдык институту жана башка эл аралык демилгелер менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров экономикалык көрсөткүчтөрдүн акырындык менен жакшырышынын контекстинде татаал геоэкономикалык шарттарга карабастан, биздин өлкө туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын айтты.

“Биз жаңы, өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн өлкөгө алдыңкы технологияларды жана инвестицияларды тартуу боюнча тынымсыз аракет көрүп жатабыз. Соңку үч жылда Кыргызстандын экономикасы өсүш динамикасын көрсөтүүдө. Мындан тышкары, биз коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Инвесторлор үчүн жаңы ыкмалар киргизилди. Алардын ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө багытталган тийиштүү мыйзамдарды кабыл алдык”, - деди президент.

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин буга чейин Кыргызстан “уйкудагы сулуу” болсо, ал эми азыр биздин өлкөнү “чапкан аттай баратат” деп салыштырганын эске салды.

Президент БУУ менен биргеликте Кыргызстандын жаратылышын жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн Трасттык фонд түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

Ассамблеянын президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) Кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун өз кезегинде акыркы жылдары Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чындап эле тез болуп жатканын белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасы жакын арада климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашыраарына ишенимин билдирип, кыргыз тарапты Кыргызстандын демилгелерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн эл аралык аянтчаларда көбүрөөк чыгууга чакырды.

Пан Ги Мун ошондой эле ири фонддор жана өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ылайыкташтырууга жардам бериши керектигин баса белгиледи.

Ал Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин ишке ашырууга толук колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Пан Ги Мунду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, ал болсо ыраазычылык менен макул болуп, кийинки жылы келүү ниетин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий