• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Садыр Жапаров Баткен облусунун Ак-Сай айылында жаңы курулган мектепти ачты

Президент 0


Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү.

Садыр Жапаров бул жакшы саамалыктар - Баткен облусундагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады.

Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи.

Президент мектептен мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев сындуу улуу инсандар чыксын деп тилек кылды.

“Байманалуу Баткенибиздин баркын барган сайын, убакыт өткөн сайын сезип-туюп жатабыз. Мамлекеттин тынчтыгы, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аймактардын, айрыкча, чек арага танапташ жайгашкан облус-райондордун коопсуздугу канчалык маанилүү экенин болуп өткөн окуялар айдан-ачык, даана, так көрсөтүп койду. Мына ошондуктан, өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү аймагынын чек арасын бекемдөө, ар тараптуу өнүктүрүү – негизги артыкчылык берилген багытыбыз деп, болгон көңүлдүн баарын бул жакка буруудабыз. Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз. Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды. Мунун баары сиздердин мамлекетке болгон ишенимиңиздер, колдооңуздардын арты менен ишке ашып жатат. Элдин бийликке ишеними артып, бийликтин элине кам көрүшүнүн өзү эле өнүгүүгө болгон ынтымактуу кадам. Бүгүн биз эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык объектинин ачылышын жасаганы турабыз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы анын ичинде сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМК Башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык обьект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилип жатканын айтты.

“Албетте, акыркы эки жылда оор сыноолорду баштан кечирдик. Чек арадагы болуп өткөн каргашалуу окуяларды унутуп коюуга болбойт. Чек ара жаңжалында жоокерлерибиз мерт болду, ал тургай катардагы жарандарыбыз каза болду – орду толгус оор жоготууга учурадык. Ооба, мына минтип, үй-жай, мал-мүлк баарынын орду толтурулду, калыбына келтирилди. Бирок жакындарын жоготкон жарандарыбыздын жүрөгүндөгү ызанын ордун толтуруу мүмкүн эмес экен. Мекенибизди коргоп жатып курман болгон жарандарыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт! Элибиздин чыныгы баатырлары, алардын артында калган жакындары, окуя учурунда жаракат алган жарандар ар дайым мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Учурдан пайдаланып, Ата Мекен чегине чеп болгон Баткендин баатыр элине терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күндө Лейлек жана Баткен районунун чек арадагы айылдары калыбына келтирилди.

Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызды жаңы үйлөрүнө киргиздик. Мында бир эле турак үйлөр эмес, бир топ социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана электр линиялары да жарактан чыккан болчу”, - деди Садыр Жапаров.

Ал Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражатын бөлүү каралганын айтып өттү. Учурда 500 млн. сом Баткен облусунун эсебине толук которулуп берилди. Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып, жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, ички иштер, салык тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди.

“Чынында эки өлкө менен чектешкен Баткен облусу өзгөчө стратегиялык аймак, ошондуктан калктын туруктуу жашоосуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аймактагы коопсуздук өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экенин жакшы билебиз. Биз бул багытта өзүңүздөргө маалым болгондой, чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөтттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилген күн да келет. Эң негизгиси биздин эгемен өлкөбүз бар, калыстыкты туу туткан элибиз бар, тамыры тереңде жаткан тарыхыбыз бар”, - деп Мамлекет башчысы кошумчалады.

Президент чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилгенин белгиледи. Ал эми кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү. Окуяда унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 млн 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 млн сом бөлүндү, 208 ишкерге 197 млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулуп берилди.

Садыр Жапаров 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 48,8 км жолду асфальттаганга үлгүргөндүгүн айта кетти. 38,6 км жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техника берилди.

Президент социалдык маанидеги объекттердин курулушу боюнча 2023-жылдын титулдук тизмесиндеги 46 объектиге 427, 0 млн сом акча каражаты каралганын белгиледи. Анын ичинде 32 мектеп, 2 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 маданият мекемеси жана 6 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.

Ал 4 жеке турак үйдүн капиталдык ремонту каралганын да кошумчалады. Ушул жылы 21 объект тапшырууга пландалган болсо, алардын дээрлик көпчүлүгүнүн ачылышы бүгүн болот. Ошондой эле аймакта бир катар аскер объектилери салынып, пайдаланууга берилди. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке аша баштады. Суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына Баткен областы боюнча 8 чоң долбоор киргизилип, бүгүнкү күндө 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор дагы ишке ашырылып жатат. Жалпы республикалык бюджеттен Баткендин ирригация тармагына 1 млрд 444 млн сом акча каражаты жумшалды. Дүйнөлүк Банк менен жетишилген макулдашууларга ылайык, Баткен облусуна 50 млн доллар каржылоо каралган.

Президент Садыр Жапаров cөзүнүн аягында Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылууга, инфратүзүмүн жакшыртуу менен ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик колдоолор мындан ары да уланарын баса белгиледи. Анткени Кыргызстан Баткенден башталат.

Андан соң мамлекет башчысы 275 орунга ылайыкталган жаңы мектептин имаратын карап чыкты. Ага окуу класстары, спорт залы, ашкана, китепкана жана башка жайлары көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий