• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Колумбия Республикасынын элчиси – Эктор Исидро Аренас Нейра, Австралия Бирлигинин элчиси – Джон Уильям Гиринг, Малайзиянын элчиси – Ильхам Туа Бин Иллиас, Словения Республикасынын элчиси – Дарья Бавдаж Курет, Камбоджа Королдугунун элчиси – Сок Чеа, Египет Араб Республикасынын элчиси – Ибтиссам Ракха Ахмед Хассан, Бангладеш Эл Республикасынын элчиси – Мохаммад Монирул Исламдар тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргыз эли эзелтен эле элчилик вазийпасын жогору баалап, кадырлап келгенин белгиледи.

Президент Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мааракелик даталарынын – Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгынын алдында ачылган Президенттин жаңы Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында алгачкы жолу эл аралык иш-чара – ишеним грамоталарын тапшыруу аземи өтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы элчилердин дипломатиялык ишмердиги жаңы Кыргызстандын өнүгүү дооруна дал келгенин канааттануу менен билдирди. Ошону менен катар акыркы үч жыл ичинде экономиканын активдүү өсүшү байкалганын, өлкөнүн кайра жаралуусу боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстандын экономикасы орточо темпи 7%дан кем эмес ишенимдүү өсүштү көрсөтүп келүүдө. 2023-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты, ал эми 2024-жылы экономиканын өсүшү 8,7%га жетти. Биз 2030-жылга чейин ички дүң продукциянын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүнү максат койдук”, - деди президент.

“Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 жаңы өндүрүштүк жана социалдык объекттер ачылды. Аталган сандар жана экономикалык көрсөткүчтөр Кыргызстан алдыга көздөй туруктуу өнүгүү жана саясий, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдө сапаттуу прогресске ишенимдүү кадам таштап жатканын көрсөтүп турат”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан дипломатиялык миссиялардын башчылары өкүл болгон мамлекеттер менен кызматташтыкты мындан ары да улантууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, элчилердин ишине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий