• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбосо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүнүн тартибин тактоо.

Аталган жарандарга карата алардын жасаган кылмышынын оордугуна же жасаган жосуну үчүн санкциянын категориясынын түрүнө жараша Кыргызстанга кирүү укугунан ажыратуу мөөнөттөрү аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жана чыгымдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий